среда, 7 апреля 2021 г.

Акын Курбаналы Сабыровго


 
Козу-Баглан бүгүн не ыйлап агат,

чопколонуп түтөгөн, киргилденген.

Көкүрөгүн ташка уруп туталанат

көңүл эзген кайгысын ким билди экен?...



Өйүп күйүт, үшкүрүк өзөгүндө

өрүкзарлар сумсаят жалбырактуу.

Кум ойноптур нур булак көздөрүндө

дайра байкуш ичинен онтойт дарттуу.



Өзөндөгү дайрадан баштап баарын,

өрүкзарды аралап өскөн акын.

Өлкөсүнөн тоодактай учту беймаал –

өмүркана аталган жарыктыктын.



Кырк экинчи жылында төрөп койгон.

Кыйын кезде...

Орокто байкуш эне.

Мөлтүрөгөн туптунук дил, ышкылуу

мөөр басылган тилине перзент эле.



Козу-Баглан муңканып, өксүп ыйлайт,

тунук тулку карарып, киргилденген.

Көкүрөгүн ташка уруп туталанат,

көңүл эзген кайгысын сезсең эгер!...

Комментариев нет:

Отправить комментарий