среда, 7 апреля 2021 г.

Акын Курбаналы Сабыровго


 
Козу-Баглан бүгүн не ыйлап агат,

чопколонуп түтөгөн, киргилденген.

Көкүрөгүн ташка уруп туталанат

көңүл эзген кайгысын ким билди экен?...



Өйүп күйүт, үшкүрүк өзөгүндө

өрүкзарлар сумсаят жалбырактуу.

Кум ойноптур нур булак көздөрүндө

дайра байкуш ичинен онтойт дарттуу.



Өзөндөгү дайрадан баштап баарын,

өрүкзарды аралап өскөн акын.

Өлкөсүнөн тоодактай учту беймаал –

өмүркана аталган жарыктыктын.



Кырк экинчи жылында төрөп койгон.

Кыйын кезде...

Орокто байкуш эне.

Мөлтүрөгөн туптунук дил, ышкылуу

мөөр басылган тилине перзент эле.



Козу-Баглан муңканып, өксүп ыйлайт,

тунук тулку карарып, киргилденген.

Көкүрөгүн ташка уруп туталанат,

көңүл эзген кайгысын сезсең эгер!...

ЖОЛОНГО


Отту сүйүп, кыз сүйгөн акындыгың,
Опол тоодой көрүнгөн баатырдыгың.
Эл эсинде. Эзелим эстен чыкпас
чоң-кичүүгө, жат-өзгө жакындыгың.

Аястандан аянбай жазганың бар,
алхимиктер тарыхын казганың бар.
Дүйнөлүк сөз артынан сая түшүп,
дирилдеген дарактай азганың бар.

Дүңгүрөтүп ыр окуп кечелерде
дүркүрөтүп кол чабуу угуучусуң.
Ош четине түптөлүп орноп калган –
так Сулайман сыңары туруучусуң.

Картинаны кадалып карар элең,
каректериң жалжылдап, артып сугуң.
Жамалы өрт гүлгө окшоп кетер элең,
жакасына тагылган жаш сулуунун.

Табылдынын, Сагындын укканда ырын
тамшанганың көргөнмүн сүйүнүчтөн.
Нардай бийик жол ачтың келечекке
лаззат алып керемет улуу күчтөн.

Сабың башат. Поэмаң чалкар мухит,
сабалады оболой жайып канат.
Кемтемеңди биз сенин толтуралбай
келатабыз шол күндөн канча талант.

“Миң тамыр” ырлар жыйнагынан. 

Бишкек, 1998-ж.