четверг, 24 декабря 2009 г.

Этюд

Кызматымдан келе жатсам:
кызарып чекке күн чөгөт.
Тоолук кыздын мойнундагы
мончогундай мөлтүрөп.

Чарпаяда чалка жатсам:
маңдайымда ай турат.
Алп асмандын төшүндөгү
медалындай жаркырап.

Көздү уялтып күн саарында:
көтөрүлөт нурга бай.
Бийик аска кулагына
бирөө таккан сыргадай.

вторник, 22 декабря 2009 г.

Сүрөт

Жайылып таң ааламга ак барактай,
сайылып күн желеси калем саптай.
Асыл ыр жазып кирди жаратылыш
алиге эч бир акын келген таппай...

Күчтөнүп жер жемирет өзөн суусу,
жээгинде гүлдүү бадам жаш келиндей.
Эң мукам күүнү күүлөп биз угалек,
эң назик бийди бийлеп жатты эгиндер.

Көгөрүп беде жайдай чексиз асман,
көрүнөт чөп үймөгү маңдайдагы.
Бажырайган түркүн гүл таажысынан
бал жыйнап түйшүгү күч асел аары.

Коңуз да, кумурска да табылгасын
уясына тарткылайт тырбалаңдап.
Ийнелик жүрөт тентип ары-бери,
илмийип бекерпоздук ырын ырдап...

Бүтүндөй тиричиликтин миң бир сырын,
бул аалам күн көз менен турат карап.
Бактылуу, нагыз сулуу мажүрүм тал –
баратат жолугууга чачын тарап.

+++

Шыбак жыттуу, гүл-чөптүү, бак-дарактуу,
кыйыр-чексиз талаада тыптынч, кенен.
Көрүнбөгөн эч көзгө жашайт кыймыл,
Кулакка угулбаган добуш менен.

Шамал шашат дикилдеп кайберендин
улагындай арышын элпек таштап.
Анын үнүн тыңшасаң кандай мукам,
анын тулкун сыласаң кандай жумшак.

Эркелетип чөптөрдүн мурдун чымчып,
эжесиндей талдардын тарайт чачын.
Жүзүм сылап пахтадай салаалары
жүрөгүмө менин да абдан жакын.

Эрке кыял шашмалык мүнөзүндө,
балалыктын жыты бар нур сиңирген.
Сууй түшүп көңүлү бирдемкеден –
жаш цыгандай таборун таштап кеткен.

Балким күндүн кыякчы, чоорчусу,
бүт дүйнөгө ыйгарчу пакизалык.
Бирин-бири жүрөктөн ысык сүйчү
талаа экөө а мүмкүн ... Эрли-зайып.

+++

Дайранын шаңын жутуп үнсүз гана
жатамын эстеп сени.
Боорлоп кеткен чыйыр тоо жолунда
беттешип калбадыкпы кечөө күнү.

Жүзүңдөн туюп турдум толкуу шаанин
жана да уяң, назик күлүңдөөнү.
Канчалык карманайын десем дагы
калтырак кетпей тулку, үнүмдөгү.

- Саламат жүрөсүңбү? – салдым суроо
- саламат... – үнүң чыкты толкуп, шашып.
Шапайыңкы ыраңың азгын, жүдөө,
мурдакыдан калыпсың бойлуу тартып.

... Үй куруп ойноочубуз эсиңдеби?
Тепилдек “байбиче” элең.
А “чалың” мен.
Көп эле “балдарыбыз” жасап алган –
куурчактар кыркынды кездемеден.

“Сүйдүрүп” куурчак уулга, куурчак кызды.
жаздыкташ жаткырчубуз “баш коштуруп”.
Адамдык чоң турмушту аңдай билген
шол сезим экен таза, аруу, ыйык.

Кудум сен окшой түштүң баамымда
күн өпкөн нур таажылуу кызгалдакка.
Апакай ниетин бизге билдиргенсип
аскага сүйөнүп турду күндүн ээги.
Дайранын шаңын жутуп үнсүз, ойлуу,
жатамын сени эстеп.

+++

Канча ырды чын дилимден кылам тартуу
Окуур деп качандыр бир түшсө көзүң.
Чагылган тийип күйгөн арча шактай
чатырап алоолонот көкүрөгүм.

Күн бою күйүт тартам күйүп-бышып,
түнкүсү андан бетер мага кыйын.
Сага эч жетпөөчүдөй эмнегедир
кудайга жеткенде да зарлуу ыйым.

Тамырда кан аркылуу агып сүйүү,
жүрөктө өчпөс оттой жанып сүйүү.
Бүтпөгөн жазуусундай жазуучунун,
бүтпөгөн сүрөтүндөй сүрөтчүнүн.

Жүрөктү мыкчый-мыкчый эзет күйүт,
эзелтен кеги бардай, өчү бардай.
А сүйүүм мөлтүр булак сен ууртабас –
аягың астындагы аппакай кар ...

Канча ырды чын дилимден кылам тартуу
качандыр окуур го .., деп түшсө көзүң.
Чагылган тийип күйгөн арча шактай
чатырап алоолонот көкүрөгүм.

четверг, 3 декабря 2009 г.

Сунуш

Ушул тоону атасындай ызаттап,
ушул тоого апасындай эркелеп.
Жашыл арча мончокторун тагынып,
жагалданат ай чырайлуу секелек.

Түгөнбөгөн ырын сүтак кайталап,
түн бөктөрөт канатына жарканат.
Жаш кыздардын жамалынан өбалбай
жашыл кырлар, кызыл кырга айланат.

Көпкө турбай жүрчү сүйүүм калаалык:
көңүл-дилге ыр-уютку уютуп.
Ак жалынга айланышып кетишсин
ак мөңгүлөр, мөңгүлүгүн унутуп.

Жоогазындан жоолук жасап түйгүзүп,
жорго тандап жеткирейин мингизип.
Ак гүлдөрдөн атлас көйнөк кийгизип,
алпарайын аргымакка мингизип.

- Каалайсыңбы, карындаш?

+++

Түн. Купе.
Төрт орун бар
Биз экөөбүз.
Така-тук, така-тук, така-тук
Теминет темир тулпар
А сыртта кар.

Айкараңдан төгүлгөн кош өрүм чач,
Өйкөлөт бир-бирине төрт иймек каш.
Төрт колдун он салаасы айкалышкан,
Төрт көздүн жан оттору арбалышкан.
Төрт кулак төкпөй-чачпай шыбырды
шакар-набат жыргап угат
Төрт таноодо ысык дем,
темир жол, поезддей жупталышкан
Сен жана мен,
Төрт эринде эрип эки тил,
Эки дил,
этет дир-дир...

Таң атып, күн да чыгар,
аркалап жыгач, кирпич, турпак дубал.
Куйкалап кудуреттүү ышкы кумар,
Биз болобуз
үч, төрт, беш, көп...
Поезд термеп бешиктей,
Көкүрөк өрт.

Түн. Купе.
Төрт орун бар
Азырынча биз экөөбүз.

+++

Шул талаанын беш көкүл кыздарындай,
каткырыгы гүлдөрдүн шарактады.
Куу сөксөөлдөр, шыбактар, жашаң чөптөр,
кулактары делдейип карап калды.

Гөзөлдүктүн шаасы, падышасы,
гүлдөр бүгүн өзгөчө өң-маанайда.
Майрам күнкү көйнөгүн кийип алып,
мотураңдап жөнөштү алда кайда.

Күн жол берип кылактап баратса алар
ким батынып кое алат кине, айып?
Жан кумарын жазгысы келген окшойт
Жапырт айыл,
шаарга кирип барып...

+++

Жүз көрүшүп калдык кайра капыстан,
жүрөгүбүз кош тулпардай жарышкан.
Энчибизде экөөбүздүн наристе,
ыраңындай аруу, таза агыш таң.

Кол тийгизүү ырас сага чоң күнөө -
койкоесуң, жеңил басып делбиреп.
Бек тартылган бел куруңдан кучактап,
бет маңдайлаш арзуу айткым келтирет.

Айттым азын. Уктуң муюп олтуруп,
дил сөздөрдү бөлүп-жарып, кеспедиң.
Бир көйнөктүн ак кайрыма жакасы –
дирилдеген аяр, дилбар кептерим.

Мейли эми, хрусталдай бой-тулкуң,
кирпигиңе чаң конбосун кымындай.
Эс-көңүлгө нур себелейт элесиң,
Есениндин ышкы толгон ырындай.

+++

Сени сүйүү мага болду эң азап,
сүйбөөгө жок эч кудурет, аргам да.
Жамалыңдан жалгыз ирет өбө албай,
жаштык өттү кайгы менен арманда.

Каттарымдын барактары аппакай,
карарганын билем, күлгө айланып.
Тээ аскадан ашат дагы...
Пардасыз
Терезеден жүзүңдү өбөйт Ай барып...

Машакатка салып мүшкүл сар-санаа,
максат ойду, үмүтүмдү бүлүнттүң.
Тээ чыгыштан чыгат дагы...
Жай гана
терезеден жүзүңдү өбөйт күлүп Күн...

Болалбадым аларчалык өтүмдүү,
боорумду эзип боздотууда кайгы, ырас.
Менин сүйүүм ошол Ай, Күн нурлары,
үйүңөргө уя салган карлыгач...