Ушул бүгүн ачылган гүлгө,
Авазым келди менин.
Акырын тийгиздим эрин.
+++
Каланып кемегеде кургак тезек.
Кашаттан ылдый күлүн төктү келин.
...”Каңк”, этип дөбөт кыр ашты.
+++
Оо, мен сүйгөн Ай-Көл!
Асман тээп жатыпсың туйлап,
аза боюңа нур жаап.
+++
Базар,
эпсиз-эпчил, момуну, батылы көп,
эркегинен катыны көп.
+++
Эне, сенин жүз-жытыңа зар болдум.
Элгегиңдин себилемин унундай
...Шамал тоодон леп этти.
+++
Кымтыкей кол чөнтөк шыпырып,
жасалды уурулук.
Кемиди насил, нурдуу нук.
+++
Саарлап анжир жедим. Анжир
сарыкты ширеси уурт, салаамдан
сакаяр ЖҮРӨК жарам бар.
+++
Тээ алыста бедезар.
Деңиз көйнөк кийинген.
...Таңкы саан да башталды.
+++
Жаз. Пешайван. Челекте сүт.
Жатат уктап бала мышык.
Жамырайт аары, көпөлөк учуп.
+++
Солкулдап өсөт жүгөрү,
сом билек кыздай аппапак,
чач чыгарып бала кучактап.
+++
Ыңкыган сары талаа,
ызылдаган саратан.
Сага жөө баратам.
+++
Тук, тук, тук.
Дубалга кагылып темир мык,
Ачылуу эшиктен аңкыды ысырык.
+++
Оо, анда, ар таң сайын бурдам нанга
калың каймак бастырып коер эле.
Бүгүн жүз таяп бүктөлгөн чоң энем!
+++
Көргүң келбей менден ийгилик.
Турасың өйдөсүнүп, ирип,
Ушунун өзү – пендечилик.
+++
Жер табынан буу чыкты,
кар астынан байчечек.
Оо, кандай керемет!
+++
Арак саткан ак келин,
кылтылдайсың тим эле,
Куюлган жүз граммдай!
+++
Дарбазаңа кат кыстардым,
окуйсуңбу колго алып.
осмо каштуу ак зайып!
+++
Үңкүр.
Оозу ачылып келди миң жыл.
Оозу ачылуу.
+++
Кичинекей жапыс там дарчадан,
чоң дүйнөнү көргөн балалык.
карегинен жатат нур агып...
+++
Таң сүрүлүп агарды асман,
таза аба деми, жалбыз жыт,
таш арык бойлоп баратам.
+++
Карегиң – деңиз...
Кайыкчан бирөө бардай
турам тааныбай.
+++
(“Гүл-Гүл” ырлар жыйнагынаню Адбилаат Дооров. 2010-ж.)