четверг, 21 октября 2010 г.

“Гүл-Гүл” ырлар жыйнагынан-1

Ушул бүгүн ачылган гүлгө,
Авазым келди менин.
Акырын тийгиздим эрин.

+++

Каланып кемегеде кургак тезек.
Кашаттан ылдый күлүн төктү келин.
...”Каңк”, этип дөбөт кыр ашты.

+++

Оо, мен сүйгөн Ай-Көл!
Асман тээп жатыпсың туйлап,
аза боюңа нур жаап.

+++

Базар,
эпсиз-эпчил, момуну, батылы көп,
эркегинен катыны көп.

+++

Эне, сенин жүз-жытыңа зар болдум.
Элгегиңдин себилемин унундай
...Шамал тоодон леп этти.

+++

Кымтыкей кол чөнтөк шыпырып,
жасалды уурулук.
Кемиди насил, нурдуу нук.

+++

Саарлап анжир жедим. Анжир
сарыкты ширеси уурт, салаамдан
сакаяр ЖҮРӨК жарам бар.

+++

Тээ алыста бедезар.
Деңиз көйнөк кийинген.
...Таңкы саан да башталды.

+++

Жаз. Пешайван. Челекте сүт.
Жатат уктап бала мышык.
Жамырайт аары, көпөлөк учуп.

+++

Солкулдап өсөт жүгөрү,
сом билек кыздай аппапак,
чач чыгарып бала кучактап.

+++

Ыңкыган сары талаа,
ызылдаган саратан.
Сага жөө баратам.

+++

Тук, тук, тук.
Дубалга кагылып темир мык,
Ачылуу эшиктен аңкыды ысырык.

+++

Оо, анда, ар таң сайын бурдам нанга
калың каймак бастырып коер эле.
Бүгүн жүз таяп бүктөлгөн чоң энем!

+++

Көргүң келбей менден ийгилик.
Турасың өйдөсүнүп, ирип,
Ушунун өзү – пендечилик.

+++

Жер табынан буу чыкты,
кар астынан байчечек.
Оо, кандай керемет!

+++

Арак саткан ак келин,
кылтылдайсың тим эле,
Куюлган жүз граммдай!

+++

Дарбазаңа кат кыстардым,
окуйсуңбу колго алып.
осмо каштуу ак зайып!

+++

Үңкүр.
Оозу ачылып келди миң жыл.
Оозу ачылуу.

+++

Кичинекей жапыс там дарчадан,
чоң дүйнөнү көргөн балалык.
карегинен жатат нур агып...

+++

Таң сүрүлүп агарды асман,
таза аба деми, жалбыз жыт,
таш арык бойлоп баратам.

+++

Карегиң – деңиз...
Кайыкчан бирөө бардай
турам тааныбай.

+++

(“Гүл-Гүл” ырлар жыйнагынаню Адбилаат Дооров. 2010-ж.)

понедельник, 22 февраля 2010 г.

Түсүң кара ичиң экен ошондой

Түсүң кара ичиң экен ошондой,
туруп калдым ирик ойдон бошонбой.
Калпты-чынды койгуладың күпүлдөп,
кылдай дагы кызарбай да бозорбой.

Какшап, сыздап бүт клеткам, сөөгүм,
кыйла саатка кемий түштү өмүрүм.
Үшүк урган жалбырактай дирилдеп, -
суук сөздөн жапа тартты көңүлүм.

Кабыргама тийип миздүү айбалта,
көкүрөктү тилип кирди курч араа.
Мени издеп жүргөнсүйт шул арада,
бош табытты жүктөп алган араба.

Жүрөгүмдү сыялаган сөздөрдү
жутуп-жутуп бой-тулкума сиңирдим.
Мынчалыгын билишпесе керектир,
жыландан уу жыйноочулар тилиңдин.

Шайтан менин мойнума минип алып

Шайтан менин мойнума минип алып:
жетеледи кечеге, үлпөт-тойго.
Жетеледи көчөгө “суюк-аяк”.
Жээритти рас, достон да жандай көргөн,
Стакандап, чынылап сунду арак.

Шайтан менин мойнумда дооран сүрдү:
курттай кыйнап кемирди эт-сөөгүмдү,
бийлеп мээни,
бийлеп мени.
Топоздой нык семирип, так секирди.
Жетет эми!
Ажырашкыс дос бололу кайра экинчи,
кең жайып кучагыңды,
канакей, бери келчи
акылдын периштеси.

Жарым жатат чалкасынан кош бойлуу

Жарым жатат чалкасынан кош бойлуу
ак көйнөкчөн курсагы анын “көк тиреп”.
Анда бөпө чыргоолонот окшойбу
жарыктыктын дарбазасын тепкилеп.

Оодарыла сылап чардаң курсагын,
ойлуу жатат каш-кирпигин ирмебей.
Төрөлелек балам мага туюлат
ачылалек кутудагы дүйнөдөй...

Жарыктыкка келе жаткан наристе,
экөөбүздүн зор кубаныч, бактыбыз.
Балким уулдур карапайым. А мүмкүн
үйүбүзгө чаң жуктурбас жакшы кыз...

Чыр-чыр эткен телефондун...

Чыр-чыр эткен телефондун,
трубкасын көтөрдүм.
Даана угулду деми менен
өрөөпкүгөн тааныш үн.

Дене-бойго ток тараткан
ушул үндү жактырам.
Айтарга сөз табалбастан
апкаарыймын, жалдырайм.

Тушап алды бар эркимди
делөөрүткөн өрт сезим.
Ыкчамыраак өзүмдү-өзүм:
ырастайын, түзөйүн.

Эй, табийгат, кылчы жардам
келсин тилим ийкемге.
Кантип сүйлөө керектигим –
үйрөтсөңчү гүлдөргө...

Чыр-чыр эткен телефондун,
трубкасын көтөрдүм.
Угулууда деми менен
өрөөпкүгөн ошол үн.

пятница, 19 февраля 2010 г.

Жүрөктөн ырдоо зарыл болсо дагы

Жүрөктөн ырдоо зарыл болсо дагы
азыр мен сезим күүлөп ырдап жатам.
Астымда ныксыраган даркан талаа,
үстүмдө нур чайканган ачык асман.

Ийрилип тоону көздөй кеткен жолдо
илгери кадам таштап демигемин.
Жүзүмдөй мөлтүрөгөн кыз жолукса
жүлүндү таарып өтөт ысык сезим.

Теңирдин бетин гүлдөп сансыз жылдыз,
айлымдын жанды электир жарыгындай.
Алдыма мени утурлап таң келатат –
алманын күз тазарткан ыраңындай.

Сызылып агып чыгып жүрөгүмдөн:
сагыныч кан-тамырга, бойго сиңген.
Дарактай кенендикке кучак жайып,
данектей жарып чыкмак сөөгүмдөн.

Аймалап тоонун жели өптү беттен
коонундай тордоп калган коончунун.
Узарат эң алыскы чаңдуу боз жол,
кызарат эринимде бир тал чылым...

Түндүктөгү чыкпас күндөй үч-төрт ай...

Түндүктөгү чыкпас күндөй үч-төрт ай,
түпсүздүккө сиңип кетип туңгуюк.
Ак баш тоодо капысынан кезиктиң
ачылалек каттай калың сыр уюп.

Көздөрүңдүн чарасында жык-жыйма,
көлкүлдөдү мээр-ышкың чайкалып.
Чыйыр жолдуу айрылышта олтурдук
чын жүрөктөн дидарлашуу байкалып.

Түпсүз оюң, түркүн кыял, мүнөзүң,
түшүнүгүң өзгөрүптүр аябай.
Жоодураган калыбымда кылчалык,
жолугуудан турдум кумар тарабай.

Акырында алыстадың, коштоштуң,
арт жагыңа из калтырып үтүрдөй.
Кеберсиген чөл-эриним тер жутуп,
кезигишиң каалап калдым күттүрбөй.

Түндүктөгү чыкпас күндөй үч-төрт ай,
түпсүздүккө сиңип кетип туңгуюк.
Ошол тоодо жолугарсың жана да
окулалек каттай калың сыр уюп...

четверг, 18 февраля 2010 г.

Сагынычым сага айталбай...

Сагынычым сага айталбай,
бүгүн күндү жалгыз батырдым.
Жылдыз толо көктөн көз албай,
таңды дагы жалгыз атырдым.

Капалантып аруу көңүлдү,
кат да келбейт сенден негедир.
Көздөрүмдө толо ачуу жаш,
көөдөнүмдө толо сары зил.

Супурадай өңүм ак куба,
сууп маанай кеч күз желиндей.
өмүрдү ырга, шатка тундуруп,
өтө аламбы ыйга жеңилбей...

Азыркы ушул менин абалым:
канатынан майып каркыра.
Жайкы күйүк суусуз сарталаа,
күн тийбеген тайга, тундра.

...Көрүнүшү кудум өзүңдөй
көтөрүлдү тиги ай кырда.
Акыр келер жашоо көктөмүн
алдыртадан жүрөк туюуда.

Бул ишарат жанды сооротуп,
ишеничке толду көкүрөк.
Балким мага келер чоң бакыт,
чоң дайрадай толкуп кечирээк.

("Миң тамыр". 1998)

понедельник, 1 февраля 2010 г.

Көөдөй түндү сүрүп таштап баятан

Көөдөй түндү сүрүп таштап баятан,
таң дандырдай аалам койнун агарткан.
Кыз кызарып түшүп эстен жылмая
сууга жүзүн чайып кайтат шар аккан.

Таш күзгүдөн карап коет чырайын,
атыр жыттуу ак сүлгүсү колунда.
Коңшу абышка ээк кагып айтат маа:
“Жылдызы ысык ургаачы бар жолуңда”.

Үйрүндөгү бээ түштүбү эсине
астымдагы ат кишинеп, бышкырат.
Типтик ылдый чууруп аккан мөл булак
тили менен кууругансыйт “бадырак”.

Топудай бир боз чымчыктын уясы
суу шарынан жарым карыш өйдөрөөк
Араң турат.
Ичи толо балапан –
тирүүлүктүн “базарчасы” өңдөнөт.

От койгондой оозуна дандырдын,
чыгыш тарап жошолонуп кызарат.
Тыз-тыз этип бетке шактар чабылат,
тийген сымал ичке, назик шапалак.

Булак

Жүрөгү ооруп тоо жүдөйт
оргуп-оргуп акпаса.
Карегиндей наристенин
кандай мөлтүр, таптаза!

Сыбызгыйт үнү чопо чоор –
сыяктуу жаз, кыш, коңур күз.
Чубалжып ылдый агышы
чачындай кыздын өрүүсүз.

Аңдаганга жакшырак:
аягы жеңил жаш улак.
Жер которуп баратат
жез коңгуроо “шыңгырап”.

...Кетти имерип койнуна
күркүрөк дайра атасы.
Кулачын жайып күтүүдө -
алыскы Океан апасы.

"Миң тамыр". 1998.