среда, 1 июля 2009 г.

Козу-Багландын коңур үн акыны

Акындын ар бир жазган ырында, эгерде ал чындап эле акын болсо – ар бир сөз, ар бир сабында өзүнүн кулк-мүнөзү, ошондой эле туулуп, өскөн жеринин турпат-көрүнүшү даана чагылып, даана көрүнүп турушу абзел. Ушул жагдайдан алып караганда мен азыр көңүлүм агынан жарылып, тырмак алды китебин алгач окуп чыккан Абдилаат Дооровдун ырлары жакшы таасир калтырды.

Бала болуп барбаган ажайып бийик тоонун арасындагы мен атын билбеген боз чымчыктын мен укпаган үнү менен керемет күүлөрдү сайрап турган сыяктуу сезилген – бул жыйнактын автору ыр ышкыбоздоруна анча деле белгилүү эмес. Жайнап чыгып жаткан гезиттерге жалаяктай ырларын жарыялап, жакадан алып «мактап бер» деп мардемсингендерге жатпайт жыйнактын автору. Ал баарыдан мурда балкабынан чыккан добушка магдырап, андан тоодой топук алып, эртеден кечке эрикпей күнүнкү ишин күнүн бүтүрүп күлүңдөп турган зергерге, жел менен суунун ырын тыңшап, чөптүн ташка айткан сырын уккан, өсүмдүгүн өспүрүмдөй алпештеп, аянбай билек түрүп жайдар мүнөз дыйканга окшоп – түн уйкусун он бөлүп ыр узанып, ыр токуган. Кудайга шүгүр саргара жорткон мээнеттин акыбети кайтып, көптүн бириндей эмес – нары көркөм, нары ойлуу – окугандын көңүлүн жибитип, жүрөгүн жылыткан жылдыздуу ырларды жарата алган.
«Лейлек жергем – куш ысымдуу, куш сымбат,
кучагына уялаган жан сырым.
Чачы агарып кала берди бөкчөйүп
канатынын желпүүрүндө сан кылым» («Лейлек жергем») же
«Ырыс, дөөлөт, ыр ышкына ширелткен
ушул күндүн кымбаттыгын туюндум.
баарыбызды кучагына сыйдырган
Бал аарынын уюгундай Кулундум.» («Тууган жер»).

Тууган жер жөнүндө жазбаган акын жок, ар акын өзү туулган жеринин кайталангыс кооздугун, бөтөнчө өзгөчөлүгүн ар кыл ыкма, формада ишке ашырып, бүгүнкү күндө ата-журт жөнүндөгү ырларга сан жетпей барат, бирок бул акындын жогоруда үлгү тарткан ырлары ошол көптөгөн ырлардын башы болбосо да жоон ортосу болуу менен, өзгөчөлүгү көрүнүп турат.

Абдилаат ырларынын ар сөзүнө ой уютуп, ар бир лирикалык боёгуна маани берип, сөзгө сараң, ойго терең болууга аракеттенет, жана ал аракети ушул жыйнактын көпчүлүк ырларында астейдил ишке ашкан. Ал образ менен сүрөт тартканына, тартканда да аны кол менен кармагыдай жандуу, элестүү кылып, ага өзүнүн дүйнө туюмун, турмушка болгон азада, тунук мамилесин туйдура тартканга маш. Анын жакшы чыккан бир топ ырында айтылуу Лейлек жергесинин тарых жыттуу ажары, ай чапчып аккан Козу-Баглан дайрасы, өмүр базары өрүкзар, мектепте бирге окуган кызынын элеси эсте каларлык, көңүлгө тоерлук.
Акындын ырларынын жан шериги өзү өсүп чоңоюп, өзү кастарлаган жаратылыш. Ал аны бардык мезгилде кемелине келтирип сүрөтүн тарта алат. Анын:
«Ойду-тоону жаңыртса шок чагылган,
от камчысын обо жактан камчылап.
Баар алдында баарын туюп жатат тим
башын жерге катып алган ат кулак»
(«Тоо айлында») же:
«Шамал шашат дикилдеп кайберендин
улагындай арышын элпек таштап.
Анын үнүн тыңшасаң кандай мукам,
анын тулкун сыласаң кандай жумшак»
ошондой эле:
«Айлананы акка жууп
Түндүн сөөгү таптаза.
Күз чамбылын кутка жууруп
Куш келипсиз, Кар ата!», - деген ырларынан эле акын катары канчалык өсүп, канчалык өзүнчөлүк үнгө ээ болуп калганын баамдаса болот.
Өтүшүп бараткан ышкындай болуп көрүнгөн акындын жаштыгы ырында, ал дайыма көгөрүп турган арчадай – ошол өзгөчө өзүн жоготпой дайыма жаш болуп, окугандын жаштыгын эске салып, эсте салып эле тим болбой аны жашартып, тазартып турчу касиетке ээ, анткени ал ырларына тоо жарып аккан Козу-Багландын аруу тазалыгын жугузуп жылдыздай жарк этип өмүрдөн эрте көчкөн айтылуу акын Курбаналы Сабыровдун ырларынан наар алып, «Айдай кетмен артынып, бакка дагы чоң Ата» болгон ак сакалдуу карыянын накыл сөзүн уккан. Ошол үчүн бул жыйнак кыргыз поэзия көлүнө таштардын тамырын тарап, миң бир үндө миң кубулуп келип куйган булак сыңары болоруна ак дилдик ишенич артуу менен: «Көч дагы арбый берсин!» деп айткым келет.

Анатай ӨМҮРКАНОВ
Акын, А.Осмонов атындагы адабий
сыйлыктын лауреаты.

Максатка

Татына бир сулуунун…
тарткандай.
Тартам сенин күйүтүңдү.
Барпырап мезгил учат батперектей
байкалбай өмүр өтөт сүйүп күндү.

Алкынып күз баратат жарыштагы
оозунан көбүк аккан сарала аттай,
көчөдөн жеңил баскан сары кыздай
көздөрү карагаттай.
Дүкүлдөп согуусундай жүрөк-тамыр,
чыкылдап согот саат тынымсыз, бат.
Кымызды кулкулдатып жутканымдай,
өмүрдү убакыттар сорот, жутат.

Талаанын жашыл өңүн өчүрүп жел,
таратат өз боегун бопбоз бойдон.
Кейитет мени ичтен бир сыбызгы,
бир өксүк өйүй берет кетпей ойдон.

Жел жетип мага дагы боейт боз өң
мүрзөнүн үстүндөгү топурактай,
жүрөктү койгусу бар дүкүлдөтпөй,
саатты чыкылдатпай.

Дарбыздай дыңылдаган курагымда,
данектей сөөк жарат сезим курчуп.
Зор үмүт түн үркүтүп жанып турат,
зооканын бөйрөгүндө бийик урчук.

Ажайып кубулуштуу, куттуу, көркөм,
аябай толуп нурга бардык жагым.
Окшошуп өзүмчө бир нурдуу өзөн,
окшошуп нурдуу агым…

Татына бир сулуунун…
тарткандай.
Тартам сенин азабыңды.
Өзөгүмдөн өндүрүп жаңы калаа –
ачып салдым бар дүйнө, базарымды.