понедельник, 4 июля 2022 г.

ТЕРМЕ


Добулбастай кагылып,
Дүңгүрөгөн бу дүйнө.
Үпүп куштун парындай,
Үлбүрөгөн бу дүйнө.
Дүмбүлүнөн сүтү агып
Дүйүм жемиш бу дүйнө.
Үлүл кабак, кут кучак,
Үйү бейиш бу дүйнө.
Атлес, шайы көйнөктүү,
Ажайып түр бу дүйнө.
Акыл топтоп ой айткан,
Машайыктуу бу дүйнө.
Маңдайынан нур тамган,
Маззаликтүү бу дүйнө,
Тамчысындай мүрөктүн,
Тазалыктуу бу дүйнө.
Башы таштан жаралган,
Балалыктуу бу дүйнө.
Асман, айдын, океан,
Аралыктуу бу дүйнө.
Төгөрөгү төп, түгөл,
Жагалданган бу дүйнө,
Төрт мезгилге айкашып,
Амалданган бу дүйнө.
Чалкыган суу, нур, аба,
Чайыныптыр бу дүйнө.
Чар тарапка керемет,
Жайылыптыр бу дүйнө.
Эрме чөлгө какшыган
Суу чыгарды бу дүйнө.
Этектей жердин дастинан
Чыр чыгарды бу дүйнө.
Убайымдан ырк таппай,
Уу чыгарды бу дүйнө.
Үстөгүнү ашырып,
Пул чыгарды бу дүйнө.
Кара сандык алтын, зер,
Казыналуу бу дүйнө.
Карысы да, жащы да,
Ашыналуу бу дүйнө.
Талаа-түздү мойсогон
Ташы-малдуу бу дүйнө.
Шамал менен жарышып,
Шашып барат бу дүйнө.
Арманыны ар кимге
Айтып барат бу дүйнө.
Байбазары акырлап,
Кайтып барат бу дүйнө.
Жолборс, кузгун, лаачини,
Торго түштү бу дүйнө.
Көкүрөктө көк түтүн,
Көйгө түштү бу дүйнө.
Жашыл жайлоо жакадан
Чөлгө түштү бу дүйнө.
Жоомарттыгы ченде жок,
Той жасашты бу дүйнө.
Планеттер аралык,
Жол жасашты бу дүйнө.
Өзүнө-өзү кыямат,
Шор жасашты бу дүйнө.

© Абдилаат Дооров.
Май, 2022

Прага


Парасатым жетпеди, башым туман,
Пароходуң жөндөдү кайсыл уста?
Пай ташыңды кынады кай акылман?

Кыз кезиң биле албадым ойлоп, болжоп...
Кыйласын кылымдардын бөпөлөдүң.
Кыпкызыл көйнөгүңө ороп, ойноп.

Жапайы дайраң мисал актың-таштың,
Гүрү-гүү, оргу-баргы оомат жалгап,
Гүрүчүндөй кайнадың Ак-Турпактын.

Жакаң кундуз. Жер чийген чачың жазып,
Жагалданып жароокер өстүң назик.
Жамалыңа нур чачып Алтын казык.

Ак кушуна байланган кат сөз курап,
Алыстан океандар колуң сурайт.
Ат чапсаң айга жетчү жолуң турат.

Абдилаат Дооров,
Июнь, 2022
Прага.