четверг, 24 декабря 2009 г.

Этюд

Кызматымдан келе жатсам:
кызарып чекке күн чөгөт.
Тоолук кыздын мойнундагы
мончогундай мөлтүрөп.

Чарпаяда чалка жатсам:
маңдайымда ай турат.
Алп асмандын төшүндөгү
медалындай жаркырап.

Көздү уялтып күн саарында:
көтөрүлөт нурга бай.
Бийик аска кулагына
бирөө таккан сыргадай.

вторник, 22 декабря 2009 г.

Сүрөт

Жайылып таң ааламга ак барактай,
сайылып күн желеси калем саптай.
Асыл ыр жазып кирди жаратылыш
алиге эч бир акын келген таппай...

Күчтөнүп жер жемирет өзөн суусу,
жээгинде гүлдүү бадам жаш келиндей.
Эң мукам күүнү күүлөп биз угалек,
эң назик бийди бийлеп жатты эгиндер.

Көгөрүп беде жайдай чексиз асман,
көрүнөт чөп үймөгү маңдайдагы.
Бажырайган түркүн гүл таажысынан
бал жыйнап түйшүгү күч асел аары.

Коңуз да, кумурска да табылгасын
уясына тарткылайт тырбалаңдап.
Ийнелик жүрөт тентип ары-бери,
илмийип бекерпоздук ырын ырдап...

Бүтүндөй тиричиликтин миң бир сырын,
бул аалам күн көз менен турат карап.
Бактылуу, нагыз сулуу мажүрүм тал –
баратат жолугууга чачын тарап.

+++

Шыбак жыттуу, гүл-чөптүү, бак-дарактуу,
кыйыр-чексиз талаада тыптынч, кенен.
Көрүнбөгөн эч көзгө жашайт кыймыл,
Кулакка угулбаган добуш менен.

Шамал шашат дикилдеп кайберендин
улагындай арышын элпек таштап.
Анын үнүн тыңшасаң кандай мукам,
анын тулкун сыласаң кандай жумшак.

Эркелетип чөптөрдүн мурдун чымчып,
эжесиндей талдардын тарайт чачын.
Жүзүм сылап пахтадай салаалары
жүрөгүмө менин да абдан жакын.

Эрке кыял шашмалык мүнөзүндө,
балалыктын жыты бар нур сиңирген.
Сууй түшүп көңүлү бирдемкеден –
жаш цыгандай таборун таштап кеткен.

Балким күндүн кыякчы, чоорчусу,
бүт дүйнөгө ыйгарчу пакизалык.
Бирин-бири жүрөктөн ысык сүйчү
талаа экөө а мүмкүн ... Эрли-зайып.

+++

Дайранын шаңын жутуп үнсүз гана
жатамын эстеп сени.
Боорлоп кеткен чыйыр тоо жолунда
беттешип калбадыкпы кечөө күнү.

Жүзүңдөн туюп турдум толкуу шаанин
жана да уяң, назик күлүңдөөнү.
Канчалык карманайын десем дагы
калтырак кетпей тулку, үнүмдөгү.

- Саламат жүрөсүңбү? – салдым суроо
- саламат... – үнүң чыкты толкуп, шашып.
Шапайыңкы ыраңың азгын, жүдөө,
мурдакыдан калыпсың бойлуу тартып.

... Үй куруп ойноочубуз эсиңдеби?
Тепилдек “байбиче” элең.
А “чалың” мен.
Көп эле “балдарыбыз” жасап алган –
куурчактар кыркынды кездемеден.

“Сүйдүрүп” куурчак уулга, куурчак кызды.
жаздыкташ жаткырчубуз “баш коштуруп”.
Адамдык чоң турмушту аңдай билген
шол сезим экен таза, аруу, ыйык.

Кудум сен окшой түштүң баамымда
күн өпкөн нур таажылуу кызгалдакка.
Апакай ниетин бизге билдиргенсип
аскага сүйөнүп турду күндүн ээги.
Дайранын шаңын жутуп үнсүз, ойлуу,
жатамын сени эстеп.

+++

Канча ырды чын дилимден кылам тартуу
Окуур деп качандыр бир түшсө көзүң.
Чагылган тийип күйгөн арча шактай
чатырап алоолонот көкүрөгүм.

Күн бою күйүт тартам күйүп-бышып,
түнкүсү андан бетер мага кыйын.
Сага эч жетпөөчүдөй эмнегедир
кудайга жеткенде да зарлуу ыйым.

Тамырда кан аркылуу агып сүйүү,
жүрөктө өчпөс оттой жанып сүйүү.
Бүтпөгөн жазуусундай жазуучунун,
бүтпөгөн сүрөтүндөй сүрөтчүнүн.

Жүрөктү мыкчый-мыкчый эзет күйүт,
эзелтен кеги бардай, өчү бардай.
А сүйүүм мөлтүр булак сен ууртабас –
аягың астындагы аппакай кар ...

Канча ырды чын дилимден кылам тартуу
качандыр окуур го .., деп түшсө көзүң.
Чагылган тийип күйгөн арча шактай
чатырап алоолонот көкүрөгүм.

четверг, 3 декабря 2009 г.

Сунуш

Ушул тоону атасындай ызаттап,
ушул тоого апасындай эркелеп.
Жашыл арча мончокторун тагынып,
жагалданат ай чырайлуу секелек.

Түгөнбөгөн ырын сүтак кайталап,
түн бөктөрөт канатына жарканат.
Жаш кыздардын жамалынан өбалбай
жашыл кырлар, кызыл кырга айланат.

Көпкө турбай жүрчү сүйүүм калаалык:
көңүл-дилге ыр-уютку уютуп.
Ак жалынга айланышып кетишсин
ак мөңгүлөр, мөңгүлүгүн унутуп.

Жоогазындан жоолук жасап түйгүзүп,
жорго тандап жеткирейин мингизип.
Ак гүлдөрдөн атлас көйнөк кийгизип,
алпарайын аргымакка мингизип.

- Каалайсыңбы, карындаш?

+++

Түн. Купе.
Төрт орун бар
Биз экөөбүз.
Така-тук, така-тук, така-тук
Теминет темир тулпар
А сыртта кар.

Айкараңдан төгүлгөн кош өрүм чач,
Өйкөлөт бир-бирине төрт иймек каш.
Төрт колдун он салаасы айкалышкан,
Төрт көздүн жан оттору арбалышкан.
Төрт кулак төкпөй-чачпай шыбырды
шакар-набат жыргап угат
Төрт таноодо ысык дем,
темир жол, поезддей жупталышкан
Сен жана мен,
Төрт эринде эрип эки тил,
Эки дил,
этет дир-дир...

Таң атып, күн да чыгар,
аркалап жыгач, кирпич, турпак дубал.
Куйкалап кудуреттүү ышкы кумар,
Биз болобуз
үч, төрт, беш, көп...
Поезд термеп бешиктей,
Көкүрөк өрт.

Түн. Купе.
Төрт орун бар
Азырынча биз экөөбүз.

+++

Шул талаанын беш көкүл кыздарындай,
каткырыгы гүлдөрдүн шарактады.
Куу сөксөөлдөр, шыбактар, жашаң чөптөр,
кулактары делдейип карап калды.

Гөзөлдүктүн шаасы, падышасы,
гүлдөр бүгүн өзгөчө өң-маанайда.
Майрам күнкү көйнөгүн кийип алып,
мотураңдап жөнөштү алда кайда.

Күн жол берип кылактап баратса алар
ким батынып кое алат кине, айып?
Жан кумарын жазгысы келген окшойт
Жапырт айыл,
шаарга кирип барып...

+++

Жүз көрүшүп калдык кайра капыстан,
жүрөгүбүз кош тулпардай жарышкан.
Энчибизде экөөбүздүн наристе,
ыраңындай аруу, таза агыш таң.

Кол тийгизүү ырас сага чоң күнөө -
койкоесуң, жеңил басып делбиреп.
Бек тартылган бел куруңдан кучактап,
бет маңдайлаш арзуу айткым келтирет.

Айттым азын. Уктуң муюп олтуруп,
дил сөздөрдү бөлүп-жарып, кеспедиң.
Бир көйнөктүн ак кайрыма жакасы –
дирилдеген аяр, дилбар кептерим.

Мейли эми, хрусталдай бой-тулкуң,
кирпигиңе чаң конбосун кымындай.
Эс-көңүлгө нур себелейт элесиң,
Есениндин ышкы толгон ырындай.

+++

Сени сүйүү мага болду эң азап,
сүйбөөгө жок эч кудурет, аргам да.
Жамалыңдан жалгыз ирет өбө албай,
жаштык өттү кайгы менен арманда.

Каттарымдын барактары аппакай,
карарганын билем, күлгө айланып.
Тээ аскадан ашат дагы...
Пардасыз
Терезеден жүзүңдү өбөйт Ай барып...

Машакатка салып мүшкүл сар-санаа,
максат ойду, үмүтүмдү бүлүнттүң.
Тээ чыгыштан чыгат дагы...
Жай гана
терезеден жүзүңдү өбөйт күлүп Күн...

Болалбадым аларчалык өтүмдүү,
боорумду эзип боздотууда кайгы, ырас.
Менин сүйүүм ошол Ай, Күн нурлары,
үйүңөргө уя салган карлыгач...

среда, 1 июля 2009 г.

Козу-Багландын коңур үн акыны

Акындын ар бир жазган ырында, эгерде ал чындап эле акын болсо – ар бир сөз, ар бир сабында өзүнүн кулк-мүнөзү, ошондой эле туулуп, өскөн жеринин турпат-көрүнүшү даана чагылып, даана көрүнүп турушу абзел. Ушул жагдайдан алып караганда мен азыр көңүлүм агынан жарылып, тырмак алды китебин алгач окуп чыккан Абдилаат Дооровдун ырлары жакшы таасир калтырды.

Бала болуп барбаган ажайып бийик тоонун арасындагы мен атын билбеген боз чымчыктын мен укпаган үнү менен керемет күүлөрдү сайрап турган сыяктуу сезилген – бул жыйнактын автору ыр ышкыбоздоруна анча деле белгилүү эмес. Жайнап чыгып жаткан гезиттерге жалаяктай ырларын жарыялап, жакадан алып «мактап бер» деп мардемсингендерге жатпайт жыйнактын автору. Ал баарыдан мурда балкабынан чыккан добушка магдырап, андан тоодой топук алып, эртеден кечке эрикпей күнүнкү ишин күнүн бүтүрүп күлүңдөп турган зергерге, жел менен суунун ырын тыңшап, чөптүн ташка айткан сырын уккан, өсүмдүгүн өспүрүмдөй алпештеп, аянбай билек түрүп жайдар мүнөз дыйканга окшоп – түн уйкусун он бөлүп ыр узанып, ыр токуган. Кудайга шүгүр саргара жорткон мээнеттин акыбети кайтып, көптүн бириндей эмес – нары көркөм, нары ойлуу – окугандын көңүлүн жибитип, жүрөгүн жылыткан жылдыздуу ырларды жарата алган.
«Лейлек жергем – куш ысымдуу, куш сымбат,
кучагына уялаган жан сырым.
Чачы агарып кала берди бөкчөйүп
канатынын желпүүрүндө сан кылым» («Лейлек жергем») же
«Ырыс, дөөлөт, ыр ышкына ширелткен
ушул күндүн кымбаттыгын туюндум.
баарыбызды кучагына сыйдырган
Бал аарынын уюгундай Кулундум.» («Тууган жер»).

Тууган жер жөнүндө жазбаган акын жок, ар акын өзү туулган жеринин кайталангыс кооздугун, бөтөнчө өзгөчөлүгүн ар кыл ыкма, формада ишке ашырып, бүгүнкү күндө ата-журт жөнүндөгү ырларга сан жетпей барат, бирок бул акындын жогоруда үлгү тарткан ырлары ошол көптөгөн ырлардын башы болбосо да жоон ортосу болуу менен, өзгөчөлүгү көрүнүп турат.

Абдилаат ырларынын ар сөзүнө ой уютуп, ар бир лирикалык боёгуна маани берип, сөзгө сараң, ойго терең болууга аракеттенет, жана ал аракети ушул жыйнактын көпчүлүк ырларында астейдил ишке ашкан. Ал образ менен сүрөт тартканына, тартканда да аны кол менен кармагыдай жандуу, элестүү кылып, ага өзүнүн дүйнө туюмун, турмушка болгон азада, тунук мамилесин туйдура тартканга маш. Анын жакшы чыккан бир топ ырында айтылуу Лейлек жергесинин тарых жыттуу ажары, ай чапчып аккан Козу-Баглан дайрасы, өмүр базары өрүкзар, мектепте бирге окуган кызынын элеси эсте каларлык, көңүлгө тоерлук.
Акындын ырларынын жан шериги өзү өсүп чоңоюп, өзү кастарлаган жаратылыш. Ал аны бардык мезгилде кемелине келтирип сүрөтүн тарта алат. Анын:
«Ойду-тоону жаңыртса шок чагылган,
от камчысын обо жактан камчылап.
Баар алдында баарын туюп жатат тим
башын жерге катып алган ат кулак»
(«Тоо айлында») же:
«Шамал шашат дикилдеп кайберендин
улагындай арышын элпек таштап.
Анын үнүн тыңшасаң кандай мукам,
анын тулкун сыласаң кандай жумшак»
ошондой эле:
«Айлананы акка жууп
Түндүн сөөгү таптаза.
Күз чамбылын кутка жууруп
Куш келипсиз, Кар ата!», - деген ырларынан эле акын катары канчалык өсүп, канчалык өзүнчөлүк үнгө ээ болуп калганын баамдаса болот.
Өтүшүп бараткан ышкындай болуп көрүнгөн акындын жаштыгы ырында, ал дайыма көгөрүп турган арчадай – ошол өзгөчө өзүн жоготпой дайыма жаш болуп, окугандын жаштыгын эске салып, эсте салып эле тим болбой аны жашартып, тазартып турчу касиетке ээ, анткени ал ырларына тоо жарып аккан Козу-Багландын аруу тазалыгын жугузуп жылдыздай жарк этип өмүрдөн эрте көчкөн айтылуу акын Курбаналы Сабыровдун ырларынан наар алып, «Айдай кетмен артынып, бакка дагы чоң Ата» болгон ак сакалдуу карыянын накыл сөзүн уккан. Ошол үчүн бул жыйнак кыргыз поэзия көлүнө таштардын тамырын тарап, миң бир үндө миң кубулуп келип куйган булак сыңары болоруна ак дилдик ишенич артуу менен: «Көч дагы арбый берсин!» деп айткым келет.

Анатай ӨМҮРКАНОВ
Акын, А.Осмонов атындагы адабий
сыйлыктын лауреаты.

Максатка

Татына бир сулуунун…
тарткандай.
Тартам сенин күйүтүңдү.
Барпырап мезгил учат батперектей
байкалбай өмүр өтөт сүйүп күндү.

Алкынып күз баратат жарыштагы
оозунан көбүк аккан сарала аттай,
көчөдөн жеңил баскан сары кыздай
көздөрү карагаттай.
Дүкүлдөп согуусундай жүрөк-тамыр,
чыкылдап согот саат тынымсыз, бат.
Кымызды кулкулдатып жутканымдай,
өмүрдү убакыттар сорот, жутат.

Талаанын жашыл өңүн өчүрүп жел,
таратат өз боегун бопбоз бойдон.
Кейитет мени ичтен бир сыбызгы,
бир өксүк өйүй берет кетпей ойдон.

Жел жетип мага дагы боейт боз өң
мүрзөнүн үстүндөгү топурактай,
жүрөктү койгусу бар дүкүлдөтпөй,
саатты чыкылдатпай.

Дарбыздай дыңылдаган курагымда,
данектей сөөк жарат сезим курчуп.
Зор үмүт түн үркүтүп жанып турат,
зооканын бөйрөгүндө бийик урчук.

Ажайып кубулуштуу, куттуу, көркөм,
аябай толуп нурга бардык жагым.
Окшошуп өзүмчө бир нурдуу өзөн,
окшошуп нурдуу агым…

Татына бир сулуунун…
тарткандай.
Тартам сенин азабыңды.
Өзөгүмдөн өндүрүп жаңы калаа –
ачып салдым бар дүйнө, базарымды.

суббота, 28 марта 2009 г.

«Күндөрүм бар»

Күндөрүм бар корстон болуп өзүмө,
ооруп жаткан бир боорумду көрүүгө.
Кам дарбызды кучактап палатага кирип-
чыккан.

Күндөрүм бар боор-этимди шылытып,
кабыргама кагып өткөн заар мык.

Таасиринен табият, кино, китептин,
сүңгүп кирген не бир сыйкыр дүйнөгө.
Чылк толтура арман, күйүт, аламга,
арак, чылым, виного.

Күндөрүм бар ким бирөөгө чын дилден,
ыраазылык сезим отун жандырган.
Үшүп денем үйдү көздөй жөнөгөн,
үстү-башым малма-чөлмө жамгырдан.

Күндөрүм бар автобуста, поездде,
айдын талаа, сырт дүйнөгө үңүлгөн.
Жалган жалаа же ушактын айынан
жандай ысык адамымдан түңүлгөн.

Күндөрүм бар каттар жазып, кат алган,
күркүрөгөн дайрадан кечүү кесип өталган.
Токсондогу карыядан – тогуз уулдуу,
токсондогу чал болгун, - деп бата алган.

«Эмнегедир теше тиктейм алысты»

Эри кетип, кан казаттан кайтпаган
энелердей теше тиктейм алысты.
Cезимдерин эңсөө эзе баштаган
Селкилердей теше тиктейм алысты.

Терезеден телмирчүүмүн кызыгып,
тек туралбай чак түштөбү, кечинде.
Чаң көчөнүн үстүн сызып, кештелеп,
«чоң сүрөтчү» аталганым эсимде.

Теп-тегерек же кетилген май токоч,
түспөлдөнүп сезилүчү ай мага.
Таппай калган ак чөлмөктөй жок издеп
таңданчуумун табияттык саймага.

Эми мага адат болуп баратат
эмнегедир теше тиктөө алысты.
Алп асмандын көөдөнүнөн Ай жылып,
жылдар учту, жылдыз учту, куш учту.

Туйгуларым чиеленген жибек жип,
тулкумдагы тарам-тарам тамырдай.
Жүрөктөгү ыр станок таптакыр
жүрбөй кыйнайт бир тетиги табылбай.

Табам го…, деп ак чөлмөктөй аны да,
таңда түтүп, түндө түтүп күймөлөм.
Мына ушул кичинекей терезе
микроскоп сыяктанып дүйнөгө.

Эмнегедир теше тиктейм алысты…

вторник, 10 февраля 2009 г.

«Сүйүнүч»

Зор сүйүнүч өрөөпкүттү, кубантты,
он жыл перзент төрөбөгөн жеңекем,
уул төрөп,
бешенеси ылдый жарык нур акты.

Күн күлүңдөп тизесине конду да,
күлө бакты ырай менен бөпөлүк.
Уул төрөбөй, күн төрөгөн кыязы
уялыңкы турду коомай көтөрүп!

…Топту жарып чыккан караан. Ал агам,
«куртумуштай» өзүн көрдү а анан.
Ак калпагын оң колуна туу кылып
жарын,
уулун,
палатаны,
дүйнөнү,
ак бетинен
жалынычтуу өөп кирди умтулуп…

Жүгөрүдөй бала кармап алыпсың

Биз окууну бүтөр жылкы жайында
асфальт жолдо окуудан соң кечке маал
аяр басып келгенибиз айылга
- Эсиңдеби, аяйым?…

Ажарданып кызыл нур жүзүң
айтаарындай кызык сыр
Акырын ийилдиң да дедиң сен:
«Жүгөрүлөр бала байлап калыптыр».

Андан бери…
Жүгөрүлүү жай канчасын узатып,
канча аяздын каарына карыктым.
Жүрүп-жүрүп…
Жолугуштук жолдо шо
Жүгөрүдөй бала кармап алыпсың.

(«Миң тамыр»-1998)

понедельник, 9 февраля 2009 г.

Лейлек жергем

Лейлек жергем – куш ысымдуу, куш сымбат,
Кучагына уялаган жан сырым.
Чачы агарып кала берди бөкчөйүп,
Канатынын желпүүрүндө сан кылым.

Лейлек жергем – Жаңгактынын жошосу,
Жаш ингендин жайдаңдаган ботосу.
Yлпүлдөгөн чачыларын жаңы ачкан,
Жүгөрүнүн сүткө толо сотосу.

Лейлек жергем – Жашыл-Көлдүн ирими,
Жайрап оттоп, жүрөт сүзүп күлүгү.
Жомокто эмес, турмуштагы жолуңдан
Жолуктурар кыздын жоодур үрүнү

Лейлек жергем – Козу-Баглан ак дайра,
Козуке, Баян баткан ышкы сайранга.
Көз мончоктой жердин жубар соорусу,
Көргөндөр да, көрбөгөндөр арманда.

Лейлек жергем – жүзүм, өрүк, терекзар,
Жүргөн алыс уул-кызы ага зар.
Жылуулукту агаиндик эң ыйбаа,
Жыланынан сезип турам карачаар.

Лейлек жергем – нур кереге, күн өргөө,
Жыт, абасы, ар бир урпак канында.
Ал Чыгыштын, Азиянын кең төрү
Сенин жана менин тирүү барымда.

Айлыма

Антташкан жаш селкисин күтө карап,
Үңүлүп саатына, секунд санап.
Саргайган жигиттердин көзү менен
Автобус күтүүдөмүн сени самап.

Морунан түтүн булап ар бир үйдүн,
Аяз кысып, кар басып жаткан чыгар.
Түйшөлүшөр кирпигин түк ирмебей
Түн уйкусун унутуп сакмалчылар.

Саанчы кыз бүт айыл жаңылыгын,
Сагынычын билдирип жаш жоокерге.
Каймак, сүттөй таза дил сөздөр менен
Кат жазууга киришсе керек эле…

Энемдин нан жыттанган туурук колу,
Атамдын тер жыттанган тулку-бою.
Билемин… Биригишип бизди тапкан
Махабат аралынан – айыл койну.

Тирмийип китеп окуп олтургандыр
Даярдап үй тапшырма иничегим.
Уялап алган анын көкүрөгүн
Айлын сүйүп, сагынар асыл сезим.

Антташкан жаш селкисин күтө карап,
Үңүлүп саатына, секунд санап.
Саргайган жигиттердин көзү менен
Автобус күтүүдөмүн сени самап…


(«Миң тамыр». 1998)

Туулган жер

Туулган жер

Сен көөдөндү ээлеп алган Жүрөксүң,
Дүкүлдө, сок, созолонт үн, дабышта.
Куш учурган асманыңдын шуудурун,
Кулак төшөп туюп турсун абышка.

Жылдар өтөт леп-леп жорткон шамалдай,
Же мончоктой жипсиз чууруй төгүлгөн.
Жалбырактан сарыгып тамган тамчыдай,
Сага кымбат: адил өмүр, көз ирмем.

Күмүш нурлар күлө багып мейкинден
Чар тарапка Күндөн аккан алп дайра,
Сагынычка толо мээр, сүйүүм
Сага кайра менден аккан ак дайра.

Өлкөм термеп асибеттеп өстүргөн,
Татынакай такыядай уясың.
Урпактарга урмат менен калтырар
Кемибеген, кетилбеген мурасым.

II

Фергананын өрөөнүнүн койнунда,
Гүл шай көйнөк өңдөнөсүң түрлөнүп.
Аптап сиңген кыска түндө уктабай,
Арык бойлоп жүрөт атам күймөнүп…

Ырыс, дөөлөт, ыр, ышкыга ширелген,
Ушул күндүн кымбаттыгын туюндум.
Баарыбызды кучагына сыйдырган
Бал аарынын уясындай Кулундум!

Миң ырахмат! Мен ыр жазып жазданчу
Маин, жумшак, өскүлөң көк майсанга.
Жылуу ырай, эне пейил турпатың
Жүрөгүмө батып калган ай тамга.

Алгачкы сап

Бул жерде акын, менин атакем Абдилаат Дооровдун ырлары менен тааныша аласыз.