среда, 7 апреля 2021 г.

Акын Курбаналы Сабыровго


 
Козу-Баглан бүгүн не ыйлап агат,

чопколонуп түтөгөн, киргилденген.

Көкүрөгүн ташка уруп туталанат

көңүл эзген кайгысын ким билди экен?...



Өйүп күйүт, үшкүрүк өзөгүндө

өрүкзарлар сумсаят жалбырактуу.

Кум ойноптур нур булак көздөрүндө

дайра байкуш ичинен онтойт дарттуу.



Өзөндөгү дайрадан баштап баарын,

өрүкзарды аралап өскөн акын.

Өлкөсүнөн тоодактай учту беймаал –

өмүркана аталган жарыктыктын.



Кырк экинчи жылында төрөп койгон.

Кыйын кезде...

Орокто байкуш эне.

Мөлтүрөгөн туптунук дил, ышкылуу

мөөр басылган тилине перзент эле.



Козу-Баглан муңканып, өксүп ыйлайт,

тунук тулку карарып, киргилденген.

Көкүрөгүн ташка уруп туталанат,

көңүл эзген кайгысын сезсең эгер!...

ЖОЛОНГО


Отту сүйүп, кыз сүйгөн акындыгың,
Опол тоодой көрүнгөн баатырдыгың.
Эл эсинде. Эзелим эстен чыкпас
чоң-кичүүгө, жат-өзгө жакындыгың.

Аястандан аянбай жазганың бар,
алхимиктер тарыхын казганың бар.
Дүйнөлүк сөз артынан сая түшүп,
дирилдеген дарактай азганың бар.

Дүңгүрөтүп ыр окуп кечелерде
дүркүрөтүп кол чабуу угуучусуң.
Ош четине түптөлүп орноп калган –
так Сулайман сыңары туруучусуң.

Картинаны кадалып карар элең,
каректериң жалжылдап, артып сугуң.
Жамалы өрт гүлгө окшоп кетер элең,
жакасына тагылган жаш сулуунун.

Табылдынын, Сагындын укканда ырын
тамшанганың көргөнмүн сүйүнүчтөн.
Нардай бийик жол ачтың келечекке
лаззат алып керемет улуу күчтөн.

Сабың башат. Поэмаң чалкар мухит,
сабалады оболой жайып канат.
Кемтемеңди биз сенин толтуралбай
келатабыз шол күндөн канча талант.

“Миң тамыр” ырлар жыйнагынан. 

Бишкек, 1998-ж.

пятница, 27 июня 2014 г.

Бүгүн мен тиктим көчөт

...Бүгүн мен тиктим көчөт,
мойнума түштү милдет.
Арык казып, суу коюу,
олтурбай
күндү күн деп, түндү түн деп.

...Бүгүн мен өмүрлүк жар,
жөнөкөй кызга тоолук.
Балбылдайт көздөрүбүз,
бакыттын кушу конуп!

...Бүгүн мен болдум ата,
болдум жар жана багбан.
Турмушка кирип келдим:
уялчаак балалыктын
ыпысык кучагынан!

Турпатында жайнап сулуулук

Турпатында жайнап сулуулук
турат бир кыз, өтөт көчөдөн.
Айтам менен келем айталбай
бир сөзүмдү көңүл күсөгөн.

Акыр не жооп түшөр болду экен,
айды бүктөп сунган катыма?

Сагындым

Сагындым жанга жагым жайлоо түнүн
шар акчу суусу мөңкүп, чачып көбүк.
Асыл жар чачып бөлүп жик салгандай
асманды саманчынын жолу бөлүп.

Койчунун коңур үнү созолончу,
селкинин козгоп жүрөк делебесин.
Түндүктөн түмөн жылдыз кашын кагып,
ай нуру өпчү боз үй керегесин.

Сагындым нымдуу, салкын жайлоо түнүн,
эскен жел – сырдуу жомок баянындай.
Аппакай мөңгү жатчу качанкы бир
акындын актай калган барагындай.

Эсепсиз арча, чөп, гүл жыты аңкыган,
эзели түн көрбөдүм ошол түндөй.
Көл жатчу – качанкы бир учурдагы,
айымдын унут калган күзгүсүндөй.

среда, 25 июня 2014 г.

Күзгү кайрык

Өрүктөр алган кийип,
кызгылтым “жанар” көйнөк.
Жаш жигит жолдо келет
өрүктөй ширин тилдүү
өмүрлөш жарын ойлоп.

Кең талаа кучагына
турушкан сыйбай, батпай.
Адырлар коон жүздүү –
даңкаят ашкабактай.
Дарбыздын тилиги же
ззилип бышкан анар.
Элесин берип турат
кыпкызыл кыя-жарлар.

Жыты урат каңылжаарга
токчулук, бышыкчылык.
Кыз келет чакасына

суу сузуп каштай тунук.

Романтика

Көп күттүргөн горизонттун чегинен  -
таң кирпиги түртүп күндүн пардасын.
Татынакай уйкудагы жаш кыздын, -
коомай гана өпсө кош тоң алмасын.

Кабагымда калбай суздук, бүркөөлүк,
каным толкуп, денде дүргүү күчөнүп.
Жүзүм каптап аптап зарпы ашынды ай –
жүрөгүмдүн экватору өңдөнүп!

Жарыкчылык бактысында мына шу
жалындаган ышкылануу белгиси:
кучагынан соот кийген шер Аска,
келбей турат күндү кое бергиси.

...Кызганычтын айынанбы, ким билсин?
Күндүн мурдун кан жалата текелер.
Жар-кыяда карсылдаша сүзүшөт –
жандарынан түңүлүшкөн эмедей.