воскресенье, 22 июня 2014 г.

"Жанымды жай алдырбай умсундуруп"

Жанымды жай алдырбай умсундуруп,
жагымдуу күлкүсүнүн шаңкылдагы.
Тотуккан кыздын жүзү кызыктырат
тор парда терезенин артындагы.

Жолуксак жолдон кокус маңдайлаша,
кандагы толкуу күчөп калам токтой.
Кысынып ал да, мен да айбыгабыз,
кызарып жаңы бышкан боорсоктой.

Дилдеги ашыглыктын аманатын,
арсар ой, алсыздыктан калсам айтпай.
Купуя бойдон калар, жазындасы
боткогу ачылбаган кызгалдактай...

Жанымды жай алдырбай умсундуруп,
жагымдуу күлкүсүнүн шаңкылдагы.
Тотуккан кыздын жүзү кызыктырат

тор парда терезенин артындагы.

Жийде дарагы

Шактарыңда өңчөй кызыл шурулар,
шападага ийет ичке сабагын.
Маани-жайың айтсам: ырыс адамга,
маңдайына бүткөн баксың талаанын.

Багбан ата олтургузган кастарлап,
бараалына жеткен дарак болсо деп.
Келатасың ошол күндөн – ушул күн,
таштак жолдун бир четинде делпилдеп.

Бурагыңды чачып жаздын койнуна,
бураласың ажар ачып, сүйкүмдүү.
Карындашым Маарипаттай жапакеч –
жыты жыпар, ширин колдуу, ширин тил.

Кең өрөөндүн бир беш көкүл кызысың:
чачтарыңды жууп, тарап өрөйүн.
Долу шамал кайрыбасын бутагың –
доо кетпесин, дооран сүрсүн өзөгүң.

"Ат арытып Айлама саа келдим мен"

Ат арытып Айлама саа келдим мен,
ак мөңгүдөн кийиптирсиң ич көйнөк.
Көк кашка сууң жата калып шимирдим –
көмөкөйдө балдай эрип, ичти өрдөп.

Кой жайылган тик жалама кыядан,
койчу жигит “Чойт, эрекечти” жаңыртат.
Аяк астым төө көтөргүс кар, көчкү –
ак жалындай алоолонгон жалбырттап.

Деңиз чени үч миң метр бийикте,
алтын тамыр өсөрлүгүн көз көрдү.
Ата-Журтум асмандатып туруптур,
Искендердин чокусундай төш белги.

Ар жылгаңдан сымап сууң чубурат,
таштарың кооз жалатылган алтынга.
Селки өңүндөй жаркылдаган мүнөзүң,
сезим гүлүн тартуулады эң ыйбаа.

Балалыкта калган изим издеймин,
торпок кууп томолонуп ойногом.
Жамалыңа жал-жал карап суктанам,
жаратылган дүйнө экенсиң кол менен.

Тээ кылымдын түпкүрүнө үңүлсөм,
ата-бабам ак конушу болупсуң.
Урпактарың өрүшү өскөн бул күндө
ырас сенде сөөлөт бийик, кол узун.

("Миң тамыр")

пятница, 5 июля 2013 г.

“Ай келиптир”

Ача салсам көзүмдү бүгүн түндө,
алтын нурун төгүлтүп асыл мүлдө.
Аза бойго, жүрөгүм, өзөгүмө
ак жайылган ыпысык төшөгүмө
ай келиптир, аруу жан
Ай келиптир.

Агатайын сагынткан карындаштай,
атилес шай көйнөгүн жамынбастан.
Капилеттен таарынтып алган асман,
каш-кареги, эринин жалын баскан.
Ай келиптир, азада
Ай келиптир.

Алды мага жөлөнүп таштап боюн.
Алоолонуп өрттөндү ичи-койнум.
Кумарга мас алакан, манжа колум,
Кучакташсаң ай менен кандай сонун.
Кандай сонун. Кандай сонун.
Кандай сонун!

(с). 2013.

вторник, 9 апреля 2013 г.

"Гүл-Гүлдөн" бир шиңгил

Ортодо ойноп ар кыл сөз,
осолдой түштү арабыз,
ошонун өзү жаман иш.

+++

Түгөй эки куш көрдүм,
бирин-бири сылап тараган,
эркелетип аяган.

+++

Жылдызы көп түнгө жайып көкүрөк.
Жубайым менен жүз үйрүшүп бүркөкпүз,
Бирибизди-бирибиз отуз жыл окуп бүтпөппүз.

+++

Зиренин аппак гүл өңүн,
Зирегим, сенден көрөмүн.

+++

Кир жуупсуң.
Көйнөгүң жайылуу турат.
Көзүмө сүрттүм кармалап.

("Гүл-Гүл" ырлар жыйнагынан. 2010)

пятница, 22 февраля 2013 г.

“Жүгөрүдөй бала кармап алыпсың”

Биз окууну бүтөр жылкы жайында
асфальт жолдо окуудан соң кечке маал
аяр басып келгенибиз айылга
- Эсиңдеби, аяйым?...

Ажарданып кызыл нур жүзүң
айтаарындай кызык сыр
Акырын ийилдиң да дедиң сен:
“Жүгөрүлөр бала байлап калыптыр”.

Андан бери...
Жүгөрүлүү жай канчасын узатып,
канча аяздын каарына карыктым.
Жүрүп-жүрүп...
                   Жолугуштук жолдо шо
Жүгөрүдөй бала кармап алыпсың.


     ("Миң тамыр" ырлар жыйнагы. 1998)