Миң тамыр

пятница, 16 мая 2014 г.

"Ай келиптир" - Бабаравшан Тургунбаев

Автор: Abdilaat Doorov на 02:51 Комментариев нет:
Следующие Предыдущие Главная страница
Подписаться на: Сообщения (Atom)

Бул жерде акын Абдилаат Дооровдун ырлары менен тааныша аласыз. Мындагы ырлар 1998-жылы басылган «Миң тамыр» ырлар жыйнагынан алынды.

Аталган жыйнак жана анын автору тууралуу сүйлөп жатып, акын Анатай Өмүрканов: «Жайнап чыгып жаткан гезиттерге жалаяктай ырларын жарыялап, жакадан алып «мактап бер» деп мардемсингендерге жатпайт жыйнактын автору. Ал баарыдан мурда балкабынан чыккан добушка магдырап, андан тоодой топук алып, эртеден кечке эрикпей күнүнкү ишин күнүн бүтүрүп күлүңдөп турган зергерге, жел менен суунун ырын тыңшап, чөптүн ташка айткан сырын уккан, өсүмдүгүн өспүрүмдөй алпештеп, аянбай билек түрүп жайдар мүнөз дыйканга окшоп – түн уйкусун он бөлүп ыр узанып, ыр токуган.

Абдилаат ырларынын ар сөзүнө ой уютуп, ар бир лирикалык боёгуна маани берип, сөзгө сараң, ойго терең болууга аракеттенет, жана ал аракети ушул жыйнактын көпчүлүк ырларында астейдил ишке ашкан. Ал образ менен сүрөт тартканына, тартканда да аны кол менен кармагыдай жандуу, элестүү кылып, ага өзүнүн дүйнө туюмун, турмушка болгон азада, тунук мамилесин туйдура тартканга маш. Анын жакшы чыккан бир топ ырында айтылуу Лейлек жергесинин тарых жыттуу ажары, ай чапчып аккан Козу-Баглан дайрасы, өмүр базары өрүкзар, мектепте бирге окуган кызынын элеси эсте каларлык, көңүлгө тоерлук.», - деген.

Постоянные читатели

free counters

Архив блога

  • ►  2023 (1)
    • ►  января (1)
  • ►  2022 (2)
    • ►  июля (2)
  • ►  2021 (2)
    • ►  апреля (2)
  • ▼  2014 (11)
    • ►  июня (10)
    • ▼  мая (1)
      • "Ай келиптир" - Бабаравшан Тургунбаев
  • ►  2013 (3)
    • ►  июля (1)
    • ►  апреля (1)
    • ►  февраля (1)
  • ►  2010 (10)
    • ►  октября (1)
    • ►  февраля (9)
  • ►  2009 (13)
    • ►  декабря (3)
    • ►  июля (2)
    • ►  марта (2)
    • ►  февраля (6)
Тема "Водяной знак". Технологии Blogger.