Көп күттүргөн
горизонттун чегинен -
таң кирпиги түртүп
күндүн пардасын.
Татынакай уйкудагы жаш
кыздын, -
коомай гана өпсө кош тоң
алмасын.
Кабагымда калбай суздук,
бүркөөлүк,
каным толкуп, денде
дүргүү күчөнүп.
Жүзүм каптап аптап зарпы
ашынды ай –
жүрөгүмдүн экватору
өңдөнүп!
Жарыкчылык бактысында
мына шу
жалындаган ышкылануу
белгиси:
кучагынан соот кийген
шер Аска,
келбей турат күндү кое
бергиси.
...Кызганычтын айынанбы,
ким билсин?
Күндүн мурдун кан жалата
текелер.
Жар-кыяда карсылдаша
сүзүшөт –
жандарынан түңүлүшкөн
эмедей.
Комментариев нет:
Отправить комментарий