Шактарыңда өңчөй кызыл
шурулар,
шападага ийет ичке
сабагын.
Маани-жайың айтсам: ырыс
адамга,
маңдайына бүткөн баксың
талаанын.
Багбан ата олтургузган
кастарлап,
бараалына жеткен дарак
болсо деп.
Келатасың ошол күндөн –
ушул күн,
таштак жолдун бир
четинде делпилдеп.
Бурагыңды чачып жаздын
койнуна,
бураласың ажар ачып,
сүйкүмдүү.
Карындашым Маарипаттай
жапакеч –
жыты жыпар, ширин
колдуу, ширин тил.
Кең өрөөндүн бир беш
көкүл кызысың:
чачтарыңды жууп, тарап
өрөйүн.
Долу шамал кайрыбасын
бутагың –
доо кетпесин, дооран
сүрсүн өзөгүң.
Комментариев нет:
Отправить комментарий